Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тазабек Икрамов парламенттин кийинки чакырылышын кантип жакшыртса болорун ойлоп тапты

Эксперттер, бирок, депутаттын идеясын популисттик дешип, коррупцияга каршы келерин белгилешүүдө

Депутат Тазабек Икрамовго шайлоого чейин иши кылып бир нерсе сунуштаса болду. Ал баары бир иштеп кетпей турган, кезектеги “өлүк мыйзамын” сунуштап жатат. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына «Коррупцияга каршы коом» Коомдук фондунун башчысы Манас Кадыров бөлүштү.

Тактай кетсек, Тазабек Икрамов коомдук талкууга «Депутаттардын статусу жөнүндө» жана «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү койгон. Парламент мүчөсү чет элдик банктарда эсептери бар адамдар, ошондой эле «Коррупция» беренеси менен соттолгондор же бул берене боюнча туугандары соттолгондор ЖК депутаттары боло албайт деген эрежени мыйзамдаштырууну сунуштоодо.

- Бул өзгөртүүлөр адамдардын саясий укуктарын басмырлайт, - деп белгиледи Кадыров. - Эмнеге адам тууганы жасаган кылмыш үчүн жооп бериши керек? Ошондой эле, талапкердин чет элдик банктарда купуя эсептери болбошу керек деген маселе да кезектеги популизмге эле окшошуп жатат. Исхак Масалиев дагы парламенттин ишинин аяктарына бир ай калганда мандатын тапшырып кетти. Бул депутаттар жаңы иштеп баштаганда эмне мынчалык принципиалдуу эмес эле?

Ал эми юридика илимдеринин доктору, профессор Кайрат Осмоналиев Vesti.kg сайтына берген маегинде Икрамовдун чет өлкөлөрдөгү эсептер тууралуу демилгеси Россиядагы ушул сыяктуу мыйзамга окшош экенин белгиледи.

- Россиянын Батыш менен тиреши бар, ошон үчүн алар өздөрүн аткаминерлери менен депутаттарына эсептерин башка өлкөлөрдө кармаганга тыюу салышат, а бизге мунун эмне кереги бар? - дейт Осмоналиев. - Биздин депутаттар башка мамлекеттердин мыйзамдарын көчүргөндү качан токтотушат? Туугандардын соттолгону боюнча эреже болсо такыр эле антиконституциялык сунуш. Баласы атасы үчүн жооп бергидей биз 1937-жылда жашап жаткан жокпуз да.

Муну менен бирге эксперт мурда соттолгон жарандарга депутат болууга тыюу салуу идеясы мурда деле айтылганын кошумчалады.

- Ким гана муну айтып чыккан жок, негизи туура жагы да бар, - деди ал. - Коррупция боюнча эле эмес, каалаган кызматтык кылмыш боюнча соттолгон адамдарды парламентке ат салышууга тыюу салууну ойлонуп көрсө туура болчудай. А Тазабек Икрамов эч качан кабыл алынбаган, бирок, элге жаккан популисттик мыйзамдарды сунуштаганды башынан жакшы көрөт. Ал Жогорку Кеңешке дагы бир жолу келсем деп отурат.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх