Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Атамбаевдин жактоосу Сооронбай Жээнбековду күбө катары сотко чакырууну талап кылууда

Равшан Жээнбеков Кой-Таштагы атайын операциянын беш вариантынын кайсынысын президент бекиткенин анын өзүнөн суроону сунуштады

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары сотко учурдагы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековду күбө чакырууну талап кылышты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Кундуз Жолдубаева билдирди.

Мындан сырткары, жактоочу Замир Жоошев ИИМнин башчысы Кашкар Жунушалиевдин жана тергөөчү Эркебек Аширходжаевдин сотко келишин камсыздоону талап кылды.

Жолдубаева төрагалык кылган судья алардын өтүнүчүн кароодон баш тартып, себептерин ачыктаган эмес.

Соттук процесстин жүрүшүндө ЖКнын мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков УКМКнын башчысы Орозбек Опумбаев жеке өзү Сооронбай Жээнбеков менен Атамбаевди күч менен кармоо боюнча атайын операциянын 5 вариантын талкуулаганын айтканын
эске салды. “Сооронбай Жээнбековду сотко күбө катары чакырып, ал беш варианттын кайсынысын бекиткенин сураш керек”, - деген мурдагы эл өкүлү.

Эске салсак, бүгүн Кой-Таш окуялары боюнча кезектеги соттук жыйын өтүп жатат.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх