Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК депутаттары шайлоочулар менен жолукпай, онлайн түрүндө үгүттөгөнгө даярбы? Эл өкүлдөрүнүн жооптору

Парламент мүчөлөрү жарандар шайлоо тилкелеринде аралыкты сакташарына ишенишпейт

Жогорку Кеңештин депутаттары кесиптеши Дастан Бекешевдин парламенттик шайлоолор маалында аралыкты сактоо боюнча идеясын колдошту.

Бирок, эл өкүлдөрү бул тажрыйбаны иш жүзүндө ишке ашыруу дээрлик мүмкүн эмес экенин да моюнга алышты.

Парламент мүчөсү Тынчтык Шайназаров Vesti.kg сайтына берген маегинде үгүт иштерин онлайн режиминде өткөрүү идеясын аткаруу таптакыр эле мүмкүн эмес го деген оюн билдирди.

- Аралыкты сактоо идеясы туура, бирок, иш жүзүндө аткарылбай калат го, - деди ал. Соцтармактарда үгүт жүргүзүү болсо такыр эле реалдуу эмес. Божомолдоо жеңил, бирок, шайлоочулар менен бетме бет сүйлөшүү маанилүү. Ошондой эле терең анализ керек: кичинекей шаардын мисалында бул кандайча иштейт.

Жогорку Кеңештин башка депутаты Кенжебек Бокоев болсо келе жаткан шайлоо алындагы кампания чынында эле көбүнчө онлайн-режиминде өтөт деп эсептейт.

- Биз каалайбызбы-жокпу, бул жылы агитация көбүнчө соцтармактарда жүргүзүлөт го деп ойлойм, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Анткени, жыл өткөн сайын интернет колдонгон кыргызстандыктардын саны өсүп жатат. Интернет жок алыскы райондордо эле, балким шайлоочулар менен жолугушуулар өтөт. Бирок, аралыкты сактоону талап кылуу кыйын болот, азыр эле бул эрежелер бузулуп жатпайбы. Комиссия мүчөлөрү кандайча отурат, аны дагы карап чыгуу зарыл. Менимче, бул боюнча сунуштар дагы түшөт.

Бокоев, ошондой эле азыркы күндө коронавирус пандемиясына байланыштуу парламенттик шайлоолорду жылдыруу маселеси Коопсуздук кеңешинде каралып жатканын кошумчалады.

- Мындан сырткары, бул маселе президенттин, өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин көзөмөлүндө турат, - деди ал.

Эске салсак, бүгүн депутат Дастан Бекешев Фейсбук социалдык тармагында коронавирус пандемиясы шартында Жогорку Кеңешке шайлоону жана шайлоо алындагы үгүт иштерин өткөрүү боюнча өз сунушун жарыялаган.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх