Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тазабек Икрамов: Мыйзам долбоорумду сүрөгөндү улантам. Коррупционерлердин туугандарына Жогорку Кеңешке жол жок

Парламент мүчөсү кесиптештеринин колдоосун таппаганын мыйзам ченемдүү көрүнүш деди

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов коррупционерлердин жакындарына парламентке талапкерлигин коюуга тыю салган мыйзам долбоорун алдыга сүрөгөндү улантат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү маалымдады.

Эл өкүлү анын бул демилгесин колдобогон айрым кесиптештерине капаланган жок, муну кадыресе көрүнүш деп эсептейт.

- Башка көз карашка ээ депутаттар бар, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш, - деди Икрамов. -Коррупционерлердин туугандары Жогорку Кеңеште отурбашы керек. Эгерде адам мамлекетке чоң зыян келтирсе, анын баласы же тууганы шайлоо иштерине уурдалган акчаларын чачышы мүмкүн.

Тактай кетсек, бүгүн, 2-июнда конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана ЖК регламенти боюнча комитеттин мүчөлөрү Тазабек Икрамов сунуштаган өзгөртүүлөрдү колдошкон жок. Алар мурда соттолгон жарандарга шайлоого ат салышууга тыюу салган мыйзам бар экенин белгилешкен.

Ага чейин юрист Эрик Рыскулбеков Икрамовдун мыйзам долбоорун сынга алып, ал конституцияга каршы келерин айткан.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх