Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айеркен Саймайитиден акча алган делген «Азаттыктын» журналисти УКМКнын айыптоосуна жооп кайтарды (видео)

Али Токтакунов чекисттердин билдирүүсүн карандай калп жана кара пиар деди

«Азаттыктын» журналисти Али Токтакунов Түркияда өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саймаити ага Кыргызстандагы контрабанда боюнча иликтөө жүргүзүү үчүн 100 миң доллар төлөгөн деп айыптаган УКМКнын билдирүүсүнө жооп кайтарды. Токтакуновдун билдирүүсү социалдык тармактарда жарыяланды.

«УКМКнын менин атыма байланышкан билдирүүлөрү бул - каралоо жана карандай калп. Кара пиардын өмүрү кыска болорун тарых бир далай жолу далилдеген. Күбөмүн деген адамдардын куру, эч кандай далилдери жок көрсөтмөлөрү буга чейин дагы жасалып келген. Мен Саймаитиден эч кандай акча алган эмесмин, журналисттер андан болгону жүздөн ашык документтерди, күбөлөрдүн көрсөтмөсү менен далилденген маалыматтарды алганбыз. Тилекке каршы, өкмөт, канча убакыт өтсө да биз ашкерелеп берген иштердин аягына чыкпай, иликтөөгө чекит коё элек, бул абдан өкүнүчтүү. Тилекке каршы, анын ордуна журналисттердин, менин атыма каралоо башталды. Эл акты ак, караны кара деп айырмалай алат. Акыры, акыйкат жеңерине биз терең ишенебиз».

Эске салсак, Саймаитинин өлүмү боюнча парламенттик комиссиянын жыйынында УКМКнын өкүлү Сагынбек Самидин уулу бизнесмен мурдагы өнөктөшүнөн карыздарын кайтаруу үчүн журналисттерге акча берип, аларды «сатып алганын» айткан.
Айеркен Саймаити өткөн жылы күзүндө Стамбул шаарында киши колдуу болуп каза тапкан. Анын аты КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсү өлкөдөн ири суммадагы акчалардын чыгарылып кетишине катышы бар экени айтылган «Азаттыктын» журналисти Али Токтакуновдун иликтөөсүндө аталган. Материалда каражаттарды алып чыгып кетүүдө Саймаити катышканы белгиленген.
Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча парламенттин комиссия 2019-жылдын 21-ноябрында түзүлгөн.

Фото www

Telegram каналыбызга кошулуп, эң орчундуу маалыматтарды окуңуздар!

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх