Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Чоң Казаттын» лидерлеринин бири Максат Мамыткановду ИИМде бир күн бою суракка алышты

Мурдагы чекист сурак материалдарын жарыялабоо боюнча тил кат жазып бергендиктен толук маалымат бере алган жок

«Чоң Казат» кыймылынын лидерлеринин бири Максат Мамыткановду ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгында бир күн бою суракка алышты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы өзү билдирди

- Сурак материалдарын жарыялабоо боюнча жаңы эле тил кат жазып бердим, андыктан толук маалымат айтып бере албайм, - деди ал.

Кечээ Мамытканов Фейсбуктагы баракчасына суракка чакыруу кагазын жарыялаган.

«ИИМнин БТБна эртең мененки 10го чакыруу кагазын алдым», - деп сүрөттүн алдына жазып койгон Мамытканов.

Ага чейин «Чоң Казаттын» башка лидери Канат Хасанов дагы суракка чакырылган. Фейсбуктагы баракчасына ал суракта сөз ЖКнын депутаты Кубанычбек Жумалиевди коррупцияга айыптаган прокуратуранын мурдагы кызматкери Сыймык Жапыкеевдин роликтери жөнүндө болот го деп болжогон.
Бирок, кийинки күнү аны суракка чакырбай калышкан.

«Мени саат 5ке чакырышкан, бирок, мен бул тууралуу Фейсбукка жазгандан кийин ИИМнин БТБ мени чакырбай калды. Башка бир күнү деп жазып коюшту», - деп ал түз эфирде бөлүшкөн.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg ЭККМК Кубанычбек Жумалиевдин мүлкү боюнча сотко чейинки өндүрүш баштаганын жазган. Башкы прокуратуранын бирдиктүү реестрине материалдар Жазык кодексинин 323 ("Мыйзамсыз баюу") жана 324-беренеси ("Кызмат адамдарынын ишкерликке мыйзамсыз түрдө аралашуусу") боюнча катталган. Жумалиев өзү милицияга Сыймык Жапыкеевдин үстүнөн арыз жазган. Ал ошондой эле коррупцияга эч качан байланышпаганын айтып, колуна Куран китебин кармап карганган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх