Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Жумабеков: ЖКнын VI чакырылышынын кылган иштерине убагы келгенде баа берилет

Жогорку Кеңештин спикери азыркы депутаттар айрым маселелерде ийгиликке жетишишти деп эсептейт

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков парламенттин жыйынында кесиптештерин Парламентаризм күнү менен куттуктады.

- 82 жылдан бери эл өкүлдөрү кыргыз элине жана мекенине кызымат кылып келе жатышат, - деди төрага. - Биз элдин колдоосу менен VI чакырылышка келдик. Учурда парламентте 6 фракция бар. Элдин колдоосуна ээ болуп, фракциянын бир бөлүгү болуу оңой эмес. Бул өзгөчө күн. Парламентте саясат талкууланат. Мыйзам чыгаруу деңгээлинде адамдардын тагдыры жана өлкөнүн келечеги чечилет. 5 жылдын ичинде көп эмгек жасадыңар десем жаңылышпайм. Биз элге абдан маанилүү мыйзамдарды кабыл алдык. VI чакырылыш аткарган ишке, балким көңүл бурулбай жаткандыр.

Төрага коомчулук эл өкүлдөрүнүн ишин баалаган күн келерине ишенимин билдирди.

- Ошондо биздин кылган иштерибизге баа беришет, - деп сөзүн улантты Жумабеков. - Биздин ишибиздин кемчиликтерин дайыма сөз кылышат. Биз аларды танып жаткан жокпуз да. Бардык мүчүлүштүктөрдү оңдогонго аракет кылып келебиз. Муну менен бирге биз айрым маселелерде ийгиликтерге жетише алдык. Кийинки чакырылыштар дагы эл үчүн кызмат кылат деп айткым келет.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх