Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Канттагы авиабаза боюнча келишим Жогорку Кеңештин күн тартибинен алынып салынды

Документ эмне себептен каралбай калганы айтылган жок

«Кант» авиабазасы боюнча жаңы келишимди карап чыгуу парламенттин күн тартибинен алынып салынды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына депутат Дастан Бекешев билдирди.

-Эмне себептен бул маселени алып салышканын мен билбейм, - деп белгиледи ал. Бирок, бул протоколдо укмуштуудай же биздин өлкөгө зыян алып келе тургандай деле эч нерсе көргөнүм жок. Эмне үчүн мынча саясатташтырып жатышканы мени абдан таң калтырып жатат.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн Россия менен Канттагы авиабаза боюнча келишимдин долбоорун талкуулашмак. Документке ылайык тараптар базанны ижара акысынын баасын келишип, ошондой эле учуучу-конуучу тилкени оңдоп-түзөө маселесин чечишмек. Келишим боюнча Россия ремонтту өз эсебинен өткөрүп, бирок, анда учуучу-конуучу тилке убактылуу РФнын менчигине өтмөк. Келишимдин долбоору коомчулукта катуу талкууланып, активисттер ал тургай келишимге кол коюуга каршы Ак үйгө чыгууну пландап жатышкан.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх