Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМКнын башчысынын мурдагы орун басары: Байымбетов менен ал кызматынан кеткенден кийин сүйлөшкөм. Ал чынында эле ден-соолугуна байланыштуу жумушунан кетти

Атайын кызматардын мурдагы жетекчилери Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын тажрыйбалуу орун басарынын кызматынан кеткени боюнча пикирлерин билдиришти

УКМКнын төрагасынын орун басары Жакыпбек Байымбектов чындыгында эле ден-соолугуна байланыштуу кызматынан кетти. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Улуттук коопсуздук комитетинин башчысынын мурдагы орун басары, отставкадагы генерал-майор Артур Медетбеков бөлүштү.

- Мен аны билем, деди Артур Капарович. - Ал абдан калыс, чынчыл жана өз ишинин чыныгы профессионалы. Ал советтик доордо такшалган чекист. Байымбетов 1987-жылдан бери мамлекеттик коопсуздук органдарында иштеп келген. Кеткени, албетте өкүнүчтүү. Жаштарга тажрыйбасын берип, жардам бергендердин бири эле. Анын атына эч качан көлөкө түшкөн эмес. Кызматынан кеткенинин жалгыз себеби - ден-соолугуна байланыштуу. Мен муну өзүм билген үчүн айтып жатам. Башка себеп болушу да мүмкүн эмес эле. Жумуштан кеткенден кийин аны менен сүйлөшкөм. Азыр ден-соолугун карап жатат.

Жакыпбек Байымбетовдун кесипкөйлүгүн Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Кеңешбек Дуйшебаев дагы белгиледи.

- Мен 2000-жылы Улуттук коопсуздук министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси болчумун, - деп эскерди УКМКнын мурдагы башчысы Vesti.kg сайтына курган маегинде. - Байымбетов ал маалда менде бөлүм башчы болуп эмгектенчү. Абдан ак ниет, иш билги адис эле. Бирок, көптөн бери аны менен байланышпай калгам.

УКМКнын алдындагы Коомдук байкоочу кеңештин мурдагы төрагасы, юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев өз кезегинде атайын кызматтарда иштөө моралдык жактан абдан оор экенин эске салып, андыктан, Жакыпбек Байымбетовдун ден-соолугу начарлап кетиши толук мүмкүн деди.

- Байымбетов пенсия курагына келип калды, - деди Осмоналиев Vesti.kg сайтына. - Анын кан басымы, кандагы канттын деңгээли мүмкүн көтөрүлүп кетти. Иш абдан кыйын. Анын кызматынан алынышы радиожыштыктардын сатылышы боюнча чырга байланыштуу деген дагы версия бар. УКМК азырынча расмий тактоо бере элек. Биринчи орун басардын ордуна жаш кызматкерди дайындагылары келип жатат го.

Кайрат Осмоналиев УКМКдагы бош орундарга кызматкерлерди мамлекет башчы дайындарын эске салды.

- Маанилүүлүк жана иштин көлөмү боюнча алганда комитеттин төрагасынын орун басарлык кызматы төраганыкынан да жогорку, - деп сөзүн улантты юрист. УКМКнын башчысы ханга окшоп келип-кетип, башкарат. Ал эми иштин көбүн аткарган чынында Байымбетов башкарган улуттук коопсуздукту анализдөө жана божомолдоо кызматы. Ал жакка адамдарды дайындоо - президенттин артыкчылыктуу укугу.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков 2-июнда кол койгон буйрукка ылайык, Байымбетов Жакыпбек Мамадыевич Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматынан өз арызынын негизинде бошотулган. Кызматынан кетүү чечими Байымбетовдун ден-соолугуна байланыштуу экени белгиленген.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх