Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК төрагасы депутаттарга: Кийин таарынбагыла, беткап тагынбасаңар силерге айып пул келиши мүмкүн

Дастан Жумабеков парламент мүчөлөрүн беткап режимин сактап, жарандарга үлгү болууга чакырды

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков беткап режимин сактабаган депутаттарга айып пул салынышы мүмкүн экенин эскертти.

Бүгүнкү жыйындын жүрүшүндө ал кесиптештерин мыйзамды сактап, жарандарга үлгү болууга чакырган.

- Урматтуу депутаттар, беткапчан отурууңуздарды суранам, - деди ал. - Бул коомдук жай. Атайын мыйзам бар, анда айып пул каралган. Кийин таарынбагыла. Мыйзамды жана бири бирибизди сыйлайлык. Биз үлгү болууга тийишпиз.

Муну менен бирге Жумабеков парламентке депутаттар Саламаттыкты сактоо министрлигинин сунуштарына кулак төшөбөй жатышканы боюнча журналисттерден суроолор түшүп жатканын кошумчалады.

Манас Кольбаев
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх