Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сапар Исаковдун жактоочусу: COVID-19дун тести жок деп, эки айдан бери бизди ага киргизбей жатышат

Экс-премьердин жактоочулары ПЦР-тесттин жыйынтыктарына ишенишпейт, ошол үчүн аны тапшыргылары келбейт

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочулары эки айдан бери андан кабар алуу үчүн абакка кире албай жатышат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына камактагы мурдагы аткаминердин жактоочусу Бакытбек Автандил уулу билдирди.

Анын айтымында Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков өзүнүн аракеттери менен мыйзамды бузуп жатканын айтты. Автандил уулу аларгды ПЦР-тесттен өтүшпөгөнү үчүн Исаковго киргизбей жатышканын тактады.

- Бизди 4-апрелден бери коронавируска ПЦР-тесттин жыйынтыктары жок деп Исаковго киргизбей жатышат, - деди Автандил уулу. - Бул буйрук чындыгында сунуштама мүнөзгө ээ, башкача айтканда бул биздин жолугушууларга тоскоолдук болбошу керек болчу. Бирок, бул сунуш ошол эле маалда милдеттүү мүнөзгө ээ болууда. КРнын КПКне ылайык, айыпталуучу жактоочусу менен тоскоолдуксуз, өз алдынча жана убакыттан чектелбестен жолугушууга укуктуу.

Мындан сырткары, юрист Исаковдун жактоосу COVID-19га тест тапшырууну каалашпарын, анткени, жыйынтыктар туура эмес чыгып калып, кийин алар мурдагы премьер менен таптакыр байланыша албай калабыз деп кооптонушарын кошумчалады.

- Биздин медицинанын деңгээлине карап, анализибизге вирус жок болсо да бар деп жазып коюшат деп коркушууда, - дейт жактоочу. - Биз анда обсервацияга жатканга аргасыз болуп, Исаков менен дагы көп убакытка кезиге албай калабыз. Бул убакыт ичинде ал соттолуп кетиши мүмкүн.

Ал ортодо ЖАМКнын маалымат кызматы Исаковдун жактоочуларын “пиар” жасабоого чакырды. Мындан сырткары, ЖАМК Исаков коронавируска тест тапшырбаган жактоочулар менен жолуккусу келбей жатканын ишенимдүү айтышты.

- Сапар Исаков ПЦР анализдерин жыйыныктары бар медициналык маалымкаты жок жактоочулар менен жолуккусу келген жок, - деп такташты ЖАМКда. - Жакында эле СИЗО-1де жактоочу Исаков менен жолуккан, алар айнек аркылуу баарлашышкан. Жолугушуу учурунда Исаков жактоочуга пиарга, кылмыш ишине ыктоо керектигин ачык эле айткан. Айрым жактоочуларга кайрылып эскертмекчибиз. ЖАМКнын дарегине айтылган мындай жалган жана куру айыптоолордун кайталана турган болсо, биз юстиция министрлигине кайрылганга аргасыз болобуз.

Тактай кетсек, ЖАМК үстүбүздөгү жылдын май айында билдирүү таратып, анда өлкөдө Өзгөчө абал алынып, Өзгөчө кырдаал жарыялангандан кийин абактагылар менен жолугуу үчүн жактоочулар менен башка адамдар коронавируска анализ тапшыруулары керек экени айтылган. ЖАМКнын мекемелеринде кармалгандарга анализдери таза чыккандар, ошондой эле жеке коргонуу каражаттарына ээ жарандар бара алышары белгиленген.

Бирок, Автандил уулунун айтымында ЖАМКнын буйругу жактоочулар алар укуктарын коргогон адамдар менен өз ара аракеттенүүгө укуктары бар экени айтылган Конституциядан өйдө турбашы керек.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх