Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бекназаров: Текебаев менен Сариевдин бирикмеси шайлоо үчүн гана бириккен утурумдук компания экени көрүнүп турат

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Vesti.kg сайтына маек куруп, чет тилин үйрөнгөнгө жетиштиби-жокпу айтып берди

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров коронавирус пандемиясынан улам киргизилген карантинге байланыштуу ишеним баракчасын Малайзиянын королуна тапшыра элек. Бул тууралуу ал Vesti.kg сайтына берген маегинде айтып берди. 

Азимбек Анаркулович ошондой эле Өмүрбек Текебаев менен Темир Сариевдин биригип,  шайлоого бир партиянын атынан ат салыша турганы боюнча өз пикирин билдирип, парламенттик шайлоо жылышы мүмкүнбү деген суроого да жооп берди. 

Сиз февраль айында Малайзияга учуп кеткен элеңиз. Ушул убакытка чейин кандай жумуш аткарылды?

Элчилик мыйзам боюнча өзүнө жүктөлгөн милдеттери тууралуу ай сайын ТИМге отчет берип турат. Мен келерим менен Малайзияда киргизилген карантинге туш келгениме байланыштуу Малайзиянын расмий бийлиги менен жолугушуу боло элек. Президенттин мага берген ишеним барагын Малайзиянын королуна бере элекмин. Малайзияда карантин 9-июнга чейин узартылган.Жакында аны узартабы же алабы белгисиз. Биз Малайзиянын да мыйзамдарын сактоого милдеттүүбүз.

Кыска убакыт аралыгында тилди үйрөнөм деп айтканыңыз бар, үйрөнө алдыңызбы?

Тилди ооба, үйрөнүп жатам.

Коронавирус пандемиясы маалында сизге жардам сурап канча кыргызстандык жаран кайрылды?

Жардам сураган жарандар көп эле болду, мүмкүнчүлүккө жараша жардам берүүдөбүз.

Элчилик КРнын жарандарына кандай колдоо көрсөтүп жатат?

Негизинен моралдык, кеп-кеңеш берип, чыдамкайлыкка, сабырдуулукка чакырып жардам беребиз. Материалдык жардам сурашса ТИМ аркылуу өкмөт алдына чыгаруудабыз. Азырынча  элчиликке өтө нааразы болгон мекендештерибиз жок, жалпы коронавируска, ага байланыштуу киргизилген чектөөлөргө  өз ара түшүнүшүү менен чогуу чыдап  келатабыз. Көп маселе элчиликтерсиз, Кыргызстансыз чечилерин мекендештерибиз жакшы түшүнүшөт.

Кыргызстандагы саясий абал тууралуу оюңуз кандай? «Чон казат» саясий кыймылы пайда болду, саясий партиялар шайлоого даярдык көрүшүүдө, бүгүн Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Жанар Акаев жана башка саясатчылар “Ата Мекендин” алдына биригишти...

Кыргызстандагы саясый абал мурдагыдай эле.Улам кеткен бийликке «боор» ачуу менен жаңы бийликти «согуу», чындыкты айтсаң, жазсаң ишенбей ,бурмаланган чындыкка, уюштурулган ушакка ишенген коом, өзүнө-өзү эч качан суроо бербей туруп,бирөөдөн «күнөө» издөө ж.б. Системдүү, негиздүү, түпкүлүктүү, омоктуу идеалык саясат Кыргызстанда эч кимди кызыктырбайт...Баары утурумдук, күнүмдүк кызыкчылыкка байланган.

Шайлоо алдында жаңы бирикме, партия түзүү, чечилбей жүргөн маселелерди  «тез эле чечип салуу» убадалар, лозунгдардын айтылышы, жаралышы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Парламент 2010- жана 2015- жылкы шайлоолордо  реалдуу «жашарган», жаңыланган, азыр жыйынтыгын көрүп жатпайбызбы?! Маселе шайлоо кандай өтөт, шайлоочу өз депутатын тандай алабы, ошондо жатат. 

Бүгүнкү шайлоо системабыз боюнча эл депутатты тандабайт, сиз айткан партияга биригишкен адамдардын тизмесине гана добуш берет. Азыркы шайлоо системасы өзгөрүүгө учурамайын, альтернативдүү негизде, элдин таразасына түшүп, тандалып келген депутаттар пайда болбойт. 

Сариев,Текебаевдер да бир партияга биригип, тизме түзүп, шайлоого катышканга укугу, акчасы, тажрыйбасы бар инсандар. Алар Улуу идеялык көз караш, максаттарына ылайык биригишкен бирикме эмес, кечээ эле ар түрдүү көз караштагы, бири-бирине каршы турушкан партияларда жүрүшкөн инсандар. Ар башка идеяларды туу тутунган партияда же ар кандай көз караштагы адамдарда ынтымак болобу? Бир максатка жетеби? Албетте жок! Алардын бирикмеси ар кошкондордун уюмуна окшош, шайлоо үчүн гана биригишкен утурумдук компания экени көрүнүп турат. Атамбаевдин мезгилинде булардын эмне иштерди аткарышканы, Атамбаев менен эмне үчүн «ажырашканы» элдин эсинен чыга элек. Шайлоо үчүн эле ушинтип биригип жатканы үчүн саясый партиялар өнүкпөй, шайлоо бүтөрү менен чачылып, шайлоодон өткөндөрү болсо президенттин көзүн карап, эл өкүлчүлүгү болгон парламент - президенттин алдындагы мыйзамдарга кол көтөрүп беручү гана клубка айланып калбадыбы?!. 

Шайлоо системасы калыбына келтирилип, депутат эркин, түз, тике шайланып, өзүн шайлаган элге гана отчетуу болмоюн эч нерсе өзгөрбөйт.

Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоковду дипломатиялык номуру бар Range Rover  башка максаттарда колдонулуп жүргөнү белгилүү болгондон кийинк кызматынан алышты. Эллчиликте мыйзамдардын сакталышын кантип көзөмөлдөп жатасыз?

Биздин элчиликте мыйзам бузуучулукка жол берилбейт. Өзүңдүн жүрүм-турумуң, кийген кийимин, сүйлөгөн сөзүң менен да Кыргызстанды уят кылып коюшуң же жакшы жагынан даназалап кое аларыңды биздин кызматкерлер жакшы билишет.

Коронавируска байланыштуу Жогорку Кеңешке шайлоо жылат деген сөздөр айтылууда. Бул саясий жашоого жана элдин турмушуна кандай таасирин тийгизет?

 Кудай колдоп таажы тумоосу дүйнө жүзү боюнча жогорку чегинен ылдыйлап баштады. Анын ичинде Кыргызстанда да. Бул тумоо менен күрөшүүнү биринчи кезекте адамдар өздөрү өз колуна алууга тийиш. Өздөрү оорудан сактанып, ооруса дароо билдирип, медиктердин, бийлик айткан талаптарды сактоолору зарыл, бул маселеде саясат болбошу керек. Шайлоону жылдыруу же өз убагында өткөрүүнү элге кесепети тийбегендей кылып, реалдуу шартка байланыштуу чечилгени дурус. Каалайбызбы же жокпу шайлоо  бул эл бири-бири менен контакт боло турган чоң иш-чара, бүтүндөй калк ага катышат. Элдин «элдин саясый жашоосуна» эле таасир бербей, шайлоо жалпы элдин саламаттыгына да таасирин тийгизип коюшу мүмкүн, анын баасы анан кандай болот? Анализдеп, жети өлчөп бир кесчү маселе.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх