Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Эгерде ИИМге чет өлкөлүк жарандарды Кыргызстандан чыгаруу укугун берип койсо, милиция аларга көргүлүктү көрсөтө баштайт»

ЖКнын депутаттары эксперттердин пикиринде ансыз да начар инвестициялык климатты курута турган мыйзамды биринчи окууда кабыл алышты

Эгерде Эгерде ИИМге чет өлкөлүк жарандарды өлкөдөн чыгаруу укугун берип койсо, Кыргызстандагы инвестициялык климат менен туризм ого бетер начарлайт. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына миграция тармагы боюнча эксперт, «Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов бөлүштү.

- Биздин өлкөдө милицияга чет элдиктерде эмес Кыргызстандын жарандарында да ишеним жок, - деп белгиледи ал. Азыр болсо ИИМ өзүнө мыйзамдарды бузган чет элдиктерди өлкөдөн чыгаруу укугун да кошуп алгысы келип жатат. Эгерде, бул мыйзам толуктоолор кабыл алына турган болсо, милиция кызматкерлери башка мамлекеттердин жарандарына көргүлүктү көрсөтө башташат. Кыргызстанга эмгек мигранттары эле келбейт да. Туристтер, инвесторлор бар. Бизде ансыз деле инвестициялык климат абдан начар, мындай боло турган болсо, Кыргызстанга чет элдик капитал таптакыр эле келбей калат.

Молдокматовдун пикиринде, депутаттар менен өкмөтИчки иштер министрлигине кереги жок ыйгарым укуктарды тапшыруунун ордуна өтө аз штатка жана жетишсиз бюджетке ээ Миграциялык кызматты өнүктүрүүгө аракет кылышса болмок.

- Кылмышкер-чет өлкөлүктөрдү аныктоону ИИМ кимге жүктөйт экен? -деп баш чайкады ал. - Азыр оперлер жок да. Кайгуул кызматыбы? Бизге анда Миграциялык кызматтын эмне кереги бар? Зыян гана алып келчү кереги жок демилге.

Тактай кетсек, депутаттар биринчи окууда ИИМ кароого сунуштаган “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамына толуктоолорду биринчи окууда кабыл алышты. Ички иштер министрлиги өлкөдөн чет элдиктерди же жарандыгы жок адамдарды чыгаруу укугун өзүнө алууну сунуштоодо.

Депутат Дастан Бекешев мекеменин демилгесин кескин сынга алып, сунушталып жаткан эреже конституцияга каршы келерин айткан.

«Чет өлкөлүктөр акча сурашат деп, милицияга арыз менен кайрылгандан коркушат», - деген ал.

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх