Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мирлан Жеенчороев: "РАЖ" партиясынан бир дагы депутат фракциядан чыга турганын билдире элек

Бирок, “Республика” башка партиялар менен биригүү туурасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат

“Республика-Ата Журт” партиясынын бир дагы депутаты парламенттик фракциядан чыга турганын билдире элек. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына “Республика” партиясынын лидери, ЖК депутаты Мирлан Жеенчороев бөлүштү.

Тактай кетсек, ЖМКлар "РАЖ" фракциясынан депутат Марлен Маматалиев “Мекеним Кыргызстан” партиясына өткөнү тууралуу жазып чыгышкан .

- Бүгүнкү күнгө карата биздин бир дагы депутат фракциядан же партиядан чыга турганын айта элек, - деп тактады Жеенчороев. - Партиянын негизги курамы сакталып, кийинки парламенттик шайлоого барат деп ишенимдүү айта алам.

Ал ошондой эле, учурда жаш саясатчылар жана башка партиялар менен биригүү туурасында сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи.

- Кимдер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз айта албайм, бирок, август айында партиянын съезди өтөт, ошондо расмий түрдө бардыгын жарыялайбыз деп убадалады Мирлан Жеенчороев.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх