Алмазбек Баатырбеков: Мен мандатымды тапшырдым. Канатбек Исаев фракциянын башчылыгына келет го деп турам
Эки жумалык эс алуудан соң экс-депутат шайлоо алдындагы кампанияга киришүүгө ниеттенүүдө
“Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков депутаттык мандатын тапшырды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү маалымдады.
Анын айтымында анын ордуна Жогорку Кеңешке Бейшеналы Нурдинов келет.
- Өткөн парламенттик шайлоодо ал Бишкек шаары боюнча биринчи орунду ээлеген, - деп тактады Баатырбеков. - Эми кезеги келди. Буга байланыштуу мен депутаттык орунумду бошоттум.
Ал ошондой эле фракциянын лидерлигине Канатбек Исаев келиши мүмкүн экенин болжоду.
- Депутаттар “Кыргызстандын” парламенттеги лидери ким болорун тандашы керек, - деп белгиледи Баатырбеков. - Бирок, менимче Канат Кедейканович фракциянын башчылыгына келет.
Алмазбек Баатырбекович ага башка партиялардан биригүү туурасында сунуштар түшүп жатканын айтып, бирок, алардын аттарын атаган жок.
- Азырынча аттарды атоого эрте, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, - деди ал. - Ошондой эле биздин партияга катышууну каалаган учурдагы депутаттардын саны да көп.
Баатырбеков эки жума эс алып, андан кийин шайлоо алдындагы кампанияга киришүүгө ниеттенүүдө.
Гулиза Чудубаева
Фото www