Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Укук коргоо органдарынан кысым болуп жатат деген «Чоң Казаттын» лидерлери Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жөнөтүштү (видео)

«Бизди элдин душманы катары көрүп жатышса, анда камап, атып салышсын. Эмне кылалык эми?!»

«Чоң Казат» кыймылы президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жөнөтүшүп, анда укук коргоо органдарынан кысым болуп жатканын айтышты. Ачык кайрылуу өлкө башчысына, ошондой эле президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиевдин дарегине жазылган.

Фейсбук социалдык тармагынын түз эфиринде кыймылдын лидери Канат Хасанов менен Максат Мамытканов Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу сурап жатышканын билдиришти.

«Биздин туугандарыбыздын мүлктөрүн текшере башташты, Канат Хасановдун оор илдет менен алышып жаткан атасынын үйүн текшеришиптир. Биз ууру эмеспиз. Биздин артыбызда эч ким турган жок, Матраимов да, Бакиев да, Акаев да жок, биздин артыбызда болгону эл турат. Биз, тескерисинче, коррупционерлерге каршы күрөшүп жатабыз. Бирок, эми бизге кысым башташты. Биздин апаларыбыз ыйлап, бизди камап салышат деп уктабай калышты. Эмнеге мамлекет биздин жакшы ниеттерибизге каршы чыгып жатат? Бизди душман көрүп жатышса, анда атып, камап салышсын, эмне кылалык эми биз?!», - деди Мамытканов.

«Чоң Казаттын» дагы бир лидери Сыймык Жапыкеев өз кезегинде Кыргызстанда коррупция менен күрөш жөн эле сөз экенин белгиледи.

«Көрсө, бизде коррупция менен күрөш, сөз эркиндиги деген жөн эле сөз экен. Бийлик, бизди элдин душманы кылбагыла. Айылдарга, байкелерибиздин кашарларына чейин текшергенди токтоткула. Президент коррупция менен күрөшүп жатса, «Чоң Казатка» жардам берсин. Эгерде алар бийликти паракорлордон тазалап жатса эмнеге бизди текшерип жатышат? Соттон сотко, сурактан суракка сүйрөп жатышат, мен эмне бандитминби? Биз элдин душманы эмеспиз да! Урматтуу президент, ИИМнин БТБнын жетекчиси каалаганын кылып, камайм деп коркутту. Конституцияга ылайык, мени кайтарууга алып, премия бериш керек эле, анын ордуна азыр кылмышкер кылып жатышат», - деген Жапыкеев.

Манас Кольбаев
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх