Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Аю» компаниясынын вице-президенти: Менин максатым жөн эле депутат болуу эмес

Руслан Молдошев эмне үчүн депутаттык мандаттан баш тартканын түшүндүрүп берди

«Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер, «Аю» компаниясынын вице-президенти Руслан Молдошев эл колдоо көрсөтсө келе жаткан парламенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү бөлүштү.

Молдошевдин айтымында ал үчүн депутат болуу башкы максат эмес.

- Эгерде элим колдоо көрсөтсө, кудай буюрса барабыз, барганга жараша эл үчүн кызмат кылабыз. Менин максатым жөн эле депутат болуу эмес. Чыккандын дагы себеби ушунда.

Мындан сырткары, ишкер депутаттык мандаттан баш тарткан себебин дагы ачыктады. Ал үчүн элге кызмат кылуунун натыйжасы эң негизги маселе экенин, бирок, андай жыйынтык көрсөтүүгө убакыт жетишерлик эмес экенин белгиледи.

- Эл үчүн кызмат кылуунун натыйжасы мага эң негизгиси,- деди Молдошев. - Ал эми андай жыйынтыкка чыгуу үчүн убакыт өтө аз.

Тактай кетсек, бүгүн 9-июнда «Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Руслан Молдошев мандатынан баш тарта турганы жөнүндө БШКга арыз жазганы белгилүү болду. Ал эл өкүлүнүн мандатын тапшырган Руслан Чойбековдун ордуна келмек. Депутаттыкка талапкерлердин тизмесинде кийинки орунда мурдагы жаратылыш ресурстар министри Замирбек Эсенаманов турат.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх