Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сеид Атамбаев: Биздин апабыз популист эмес, абдан жөнөкөй. Ал экинчи ирет турмушка чыккан

Сеид Атамбаев алардын командасы кошумча плацдармга ээ экенин, жакында ал жөнүндө жарыялашарын айтып берген

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин улуу баласы Сеид Атамбаев YouTube каналдардын бирине маек курган.

Ал атасы сынга кабылганда абдан ичи ачышканын жашырган эмес.

- Атам депутат кезинде бир элчи Атамбаев үй-бүлөсүн, балдарын таштап кетти деген. Бизге, атама бул жүрөккө бычак сайгандай эле болгон. Мен саясат менен үй-бүлөнү аралаштырбаш керек деп ойлойм.

Ал ошондой эле учурда мурдагы президенттин биринчи жубайы жөнүндө да айтып берген.

Биздин апабыз абдан жакшы, бизди тарбиялап, кыйын кездерде абдан жардам берген, - деп баса белгиледи ал. - Ал популист эмес, абдан жөнөкөй жана акылдуу. Жаман окуялардан кийин биздин жаныбызда болду. Ал экинчи ирет турмушка чыккан.

Сеид Атамбаев Алмазбек Атамбаевдин экинчи үй-бүлөсү менен кандай мамиледе экенин дагы айтып берген.

- Эмне болгон күндө да, энебиз башка болсо да, Кадыр менен атабыз бир да, - деп белгиледи мурдагы президенттин уулу. - Биз жакынбыз, ал кичинекей кезинде паркка алып барып, балмуздак, оюнчук алып берчүмүн.

Ал учурдагы бийликтин учурундагы кысымды мурдагыга караганда кыйыныраак кабыл алып жатышканын жашырган эмес.

- Акаевдин, Бакиевдин учурунда дагы биздин үй-бүлөгө куугунтук болгон, - деп эске салды ал. Учурда, албетте, оорураак кабыл алып жатабыз. Атам камалганга чейин мен аны менен кеңешип, келечек тууралуу баарлашчубуз. Азыр болсо СИЗОдо, бардык жоопкерчилик эми менин мойнума түштү. Үй-бүлөм мени карап отурат, эки колумду ылдый түшүрүп салсам туура эмес болуп калат. Көйгөйлөргө карабай, алдыга бара жатам.

Мындан сырткары, Атамбаевдин уулу кайсы партия менен Жогорку Кеңешке аттанарын бөлүшкөн.

- Биз, албетте, парламенттик шайлоого КСДП партиясы менен баргыбыз келген. Бирок, учурда биз партиябызды тартып алгысы келген Сагынбек Абдрахманов менен соттошуп жатабыз. Биздин кошумча плацдармыбыз бар. Жакынкы аралыкта биз бул тууралуу жарыялайбыз. Бийлик бизге КСДП менен шайлоого барууга жол бербесе, биз кошумча плацдармыбыз менен барабыз. Ким бизге дос, ким душман экенин көрүп турабыз. Биз өзүбүздүн адамгерчилик сапатыбызды жоготкон жокпуз. Эл бизди колдоп жатат.

Сеид Алмазбекович Кыргызстандын учурдагы биринчи канайымы алардын үйүнө барып, белек-бечкектерди далай бергенин да эскерген.

- Мурда Сооронбай Шарипович биздин үйгө абдан көп келчү, - деп эскерди ал. - Жубайы куру кол келбей, бизге белектерди ала келчү. Биздин атабыз Жээнбековду дайыма мактап, бир туугандар ушундай ынтымактуу болуш керек деп, алардын үй-бүлөсүн бизге үлгү кылчу. Азыр эми абалды көрүп турбасыңарбы.

Андан кийин ал мурдагы президенттин уулдары милдеттерди өз ара бөлүшүп алышканын айтып берген.

- Үй-бүлөбүздө азыр негизинен Кадыр интервью берет, мен атамдын тапшырмаларын аткарып, ал эми Сейтек СИЗОго атама тамак-аш ташыйт, - деген ал.


Фото жана видео www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх