Дастан Бекешев: Бир дарыгер мага маянасын көрсөттү - үч миң сом экен
Депутат медициналык кызматкерлерге ардак баракчаларын жана сый акы берүүнү, ошондой эле эмгек акыларынын өлчөмүн кайра карап чыгууну сунуштады
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев үстүбүздөгү жылы медициналык кызматкерлерге көбүрөөк сыйлыктарды берип, алардын эмгек акыларынын өлчөмүн да карап чыгууну сунуштады.
Парламент мүчөсү коронавирус пандемиясына байланыштуу дарыгерлер үй-бүлөрүн көрбөй, суткалап эмгектенип жатышканын эске салды.
- 5 -июлда медициналык кызматкерлердин күнү белгиленет, - деп эске салды Бекешев. - Бул жылы алар эбегейсиз көп эмгектенип жатышат, коронавирус менен күрөшүп, жакындары менен көрүшпөй, суткалап бейтаптарды дарылашууда. Спикер, президент жана премьерден суранат элем, бул жылы аларга көбүрөөк ардак баракчаларын, наамдарды берип, бюджетте каражат болсо сый акыларды дагы бергиле.
Муну менен бирге ал саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматчылардын төмөнкү эмгек маяналарына депутаттардын көңүлүн бурду.
- Өткөн жумада бир дарыгер маянасын мага көрсөттү, бир айда ал үч миң сом алат экен, - деди Бекешев. - Өкмөт дарыгерлердин маянасын кайра карап чыгууга тийиш. Эгерде 2021-жылы биз алардын айлыктарын көтөрбөсөк, бизди эч ким кечирбейт.
Зулайка Эркимбаева
Фото www