Гүлшат Асылбаева: Акча алмаштыруу жайлары патентке 6-10 миң сом төлөшөт
Депутат бул бизнести жабуу планы жок экенин, сөз мамлекет менен кызматташуунун жаңы түрү жөнүндө болуп жатканын билдирди
ЖК депутаты Гүлшат Асылбаева Кыргызстанда 733 миллиард сом оборотко ээ акча алмаштыруу жайлары 6 миңден 10 миң сомго чейин патент төлөшөрүн айтып чыкты.
Анын айтымында учурда акча алмаштыруу жайларынын ишмердүүдүлүгү жөнүндө мыйзам долбоору кызуу талкууланып жатат жана демилгечилер бул бизнес тармагынын ассоциациясы менен жолугушуу өткөрүшкөн.
- Алардан 100 миллион сом жана киреше салыгы катары 10 миллион сом түшөрү туурасында маалымат жазылган кат алдык, - деди Асылбаева. - Расмий сандар мындан үч эсе аз экенин айткым келет. Жылына болгону 37 миллион сом түшөт, ал эми киреше салыгы боюнча маалыматтар жок. Тактап кетейин, аларды эч ким жабайын деген жок - болгону мамлекет менен кызматташуунун жаңы түрү сунушталды.
Мындан сырткары, Асылбаева акча алмаштыруу жайларын бюджет жана калк алдында социалдык жоопкерчиликти алууга чакырды.
- Эгерде ала оборотунун 1 пайызын эле төлөсө, анда бул 7 млрд сомго жетмек, - деп эсептеди ал. - Биз ассоциация менен жолугушуу өткөрдүк, анда ымалага келип, аларга 2021-жылдын январына чейин мамлекет менен кызматташуунун формасы туурасында ойлонууга убакыт берилсин деп чечтик.
Эл өкүлү аймактагы акча алмаштыруу жайлары үчүн патент борбор калаадагыларга караганда арзан болорун кошумчалады.
Зулайка Эркимбаева
Фото www