Ширин Айтматова: Эч кимди курмандыкка чалбаш үчүн ажырашып, шайлоого барчу маал келди окшойт
Экс депутат өмүрлүк жолдошу көп убакыттан бери эми гана жолугуша алды. Сыргак Кенжебаев алдамчылык жолу менен алып алганы айтылган 350 миң сом кайда экени аныкталды
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, «Үмүт 2020» кыймылынын лидери Ширин Айтматов камакка алынган өмүрлүк жолдошу Сыргак Кенжебаев менен көп убакыттан бери эми гана жолугуша алды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү маалымдады
Анын айтымында СИЗО-1де көптөн бери жаткандыктан Кенжебаев абдан арыктап, жүдөп кеткен.
Мен жолдошум менен кезигип чыктым, ал абдан арыктап кетиптир, - деди Айтматова. - Мен мындан кийин эч кимди курмандыкка чалбаш үчүн ажырашып, шайлоого барышым керек го деген ой кетти. Өмүрүмдү күрөшкө арнап...
Мындан сырткары, мурдагы эл өкүлүнүн айтымында кечээ анын жолдошун алдамчылык менен уурдап алган деп айыпташкан 350 миң доллар өзүн жабырлануучу көрсөткөн кытай ишкеринин компаниясынын балансында экени белгилүү болгон
- Компаниянын бухгалтериясынын аудитинин жыйынтыгында арыз берген киши жазган 350 миң доллар компаниянын балансында экени аныкталган, - деди Ширин Айтматова. - Күтүлгөндөй эле бардыгы ордунда экен. Ал камакка алынбашы керек эле. Эми ИИМ ишти “компанияны басып алууга” бурат го деп турам, анткени башкы айыптоодон эч нерсе чыкпай калбадыбы. Жөн эле коё берип коюшпайт да.
Эске салсак, 19-декабрда Сыргак Кенжебаевди Алматынын аэропортунан кытай ишкеринен түшкөн арыздын негизинде алдамчылыкка шектеп кармашкан. Айтматова жолдошунун камалышын «Үмүт 2020» кыймылынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу деп эсептейт.
Эльдос Казыбеков
Фото www