Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Аскарбек Шадиев сыртынан дагы 5 жылга соттолду. Эми мыйзамсыз баюу боюнча

Жалпысынан мурдагы депутат 13 жылга эркинен ажыратылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту экс-депутат Аскарбек Шадиевди сыртынан 13 жылга эркинен ажыратып, 60 миң соп айып пул салды. Мурдагы эл өкүлү мыйзамсыз баюу боюнча күнөөлүү деп табылды. Сот аны эки жылга чейинки мөөнөткө мамлекеттик кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратып, 60 миң сом айып салуу менен беш жылга кести.

Буга чейин Аскарбек Шадиев «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо мнеен күчөтүлгөн режимдеги колонияга 10 жылга эркинен ажыратылган.

Бир нече кылмыш жасаганы үчүн жаза белгилөөнүн негизинде, Аскар Шадиев жалпы абакта 13 жыл жаза өтөй турганы аныкталды.

Тактай кетсек, экинчи кылмыш иши Шадиевге 2018-жылы козголгон. Тергөөнүн версиясы боюнча анын жубайы карыздын эсебинен Россиянын жаранына салынып бүтө элек объектини сатып жиберген.

Ишкер өзү издөөгө алынган.

Кийинчерээк УКМК Шадиевди айрым жарандар менен келишип алып, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга шектеп, кылмыш ишин иликтеп жатышканын маалымдаган.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg Аскарбек Шадиев парламенттин эл аралык иштер боюнча комитетинин башчысы кезинде 30 миң АКШ долларынын кайда кеткен боюнча жалган маалымат берип, кийин мыйзамсыз жол менен өлкөдөн чыгып кеткенин жазган.

Учурда ага эл аралык издөө жарыяланган.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх