Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Иса Өмүркулов: Өкмөттүн курамындагы өзгөрүүлөр минималдык болушу зарыл

Парламенттик көпчүлүк коалициясынын лидери Кубатбек Бороновдун талапкерлигин премьерликке көрсөтүү чечими кантип кабыл алынганын айтып берди

Өкмөттүн курамындагы өзгөрүүлөр минималдык болушу зарыл. Бул тууралуу парламенттик көпчүлүк коалициясынын лидери, депутат Иса Өмүркулов билдирди

Учурда коалиция биринчи вице-премьер Кубатбек Бороновдун талапкерлигин жаңы өкмөт башчы кызматына кароодо.

-Пандемияга жана өлкөдөгү абалга байланыштуу өкмөттүн курамында минималдуу эле өзгөрүү болушу керек. Азыр премьерликке дайындала турган адам убактылуу эле болору барына түшүнүктүү. Анткени, парламенттик шайлоодон кийин жаңы өкмөт куралат. Ушул жагдайлардын бардыгын эске алып, биз, фракциялардын башчылары Кубатбек Бороновдун талапкерлигин премьер-министрликке сунуштоону чечтик, - деп тактады Өмүркулов.

Эске салсак, кечээ премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өз каалоосу менен отставкага кетерин жарыялаган. Бүгүн президент анын бул чечимин колдоп берди.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх