Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кубатбек Боронов жаңы вице-премьер жана өкмөттүн аппаратынын жетекчисине талапкерлердин атын атады

Ошондой эле, кызматынан кеткен Дастан Догоевдин ордуна ким келери белгилүү болду

Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси Самат Кылжыев өз каалоосу менен кызматынан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу парламенттик көпчүлүк коалициясынын жыйынында биринчи вице-премьер-министр, премьерликке талапкер Кубатбек Боронов билдирди.

- Анын ордуна Таалайбек Темиралиевдин талапкерлигин сунуштайм, - деди ал. - Биринчи вице-премьерлик кызматка силердин мурдагы кесиптешиңер Алмаз Батыралиевдин талапкерлигин сунуштамакчымын. Маалыматтык технологиялар жана байланыш агенттигинин кызматтан кеткен башчысы Дастан Догоевдин ордуна Алтынбек Исмаиловду көрсөтөм.

Темиралиев Таалайбек Асанбекович - Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурдагы статс-катчысы

Алмазбек Батыралиев - Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын мурдагы депутаты

Алтынбек Исмаилов - Жогорку технологиялар паркынын директору

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх