Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Өкмөттүн курамында калабызбы-жокпу билбейбиз». Министрлер - кабминдин таркашы туурасында

Аткаминерлер Жогорку Кеңештен адилеттүү чечим болот деп күтүшүүдө

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов өкмөттүн бүгүн таркатылышынан кийин мекеменин башчылыгында калабы-жокпу билбей турганын Vesti.kg сайтына бөлүштү.

Ал Жогорку Кеңештин депутаттарынын адилеттүү чечимине ишенерин белгиледи.

- Эгерде парламент бизге иштегенге мүмкүндүк берсе, албетте биз калабыз, - деди Жаманкулов. - Мен баа бере албайм жана парламентте каламбы-жокпу билбейм.

Транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов да кыскача жооп менен чектелип, Vesti.kg сайтына берген маегинде кабминдин келечеги тууралуу өз божомолун айтуудан баш тартты.

- Өкмөт эмне болот айта албайм, - деди Бейшенов. - Муну биз чечпейбиз.

Vesti.kg ошондой эле айыл чарба министри Эркинбек Чодуевге кайрылып, ал дагы учурда чечимди күтүп жатканын билдик.

- Азырынча эч нерсе белгисиз, - деди Чодуев. - Чечим кабыл алынгандан кийин биз дароо маалымдайбыз. Отставка тууралуу чечимди өкмөт башчы өзү кабыл алган, андыктан, башка эч нерсе айта албайм.

Эске салсак, кечээ 15-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өз каалоосу менен кызматынан кетерин жарыялап, бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков анын отставкасын кабыл алган.

Учурда парламенттик көпчүлүк коалициясы өкмөт башчылыгына биринчи вице-премьер Кубатбек Бороновдун талапкерлигин кароодо.

Эльдос Казыбеков
Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх