Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кубатбек Боронов кечээ президенттин кабыл алуусу учурунда эмне тууралуу сүйлөшүшкөнүн айтып берди

Болочок премьерге шайлоодо бардык партияларга бирдей шарт түзүп берүү тапшырмасы коюлду

Премьер-министр кызматына талапкер Кубатбек Боронов кечээ парламенттик көпчүлүк коалициясынын жыйынынан кийин Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусунда болду. Бул тууралуу Боронов өзү ЖК депутаты Төрөбай Зулпукаровдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.

- Сиз кыйын учурда келдиңиз, - деди Зулпукаров. - Парламенттик шайлоо күзүндө таза өтүшү маанилүү, бир дагы партия административдик ресурстун жардамы менен жеңбеши керек.
Боронов мамлекет башчы ага ушундай эле тапшырманы койгонун айтты.
- Мен кечээ коалициянын жыйынынан кийин президенттин кабыл алуусунда болгом, - деди ал. - Президент менин биринчи милдетим таза, ачык шайлоо өткөрүү экенин айтты.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, биринчи вице-премьер-министр кызматына талапкер Алмазбек Баатырбеков өз кезегинде шайлоо таза жана ачык өтөрүн ишенимдүү билдирди.
- Мен эки жолу шайлоого катышкам, каталарга жол бербейм, - деп убадалады ал.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх