Өзгөчө режим шартында кучакташып, бири-бирин кубаттаган Абылгазиев менен Боронов элдин кыжырын кайнатты (видео)
Ыйгарым укуктарды жаңы премьерге өткөрүп берүү убагында аткаминерлер күн сайын жарандардын кулагына куюп келген эрежелерди өздөрү унутуп коюшкан
Премьер-министр Кубатбек Бороновго ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү аземи соцтармактын көптөгөн колдонуучуларынын сынына калды. Күн сайын жарандарга коопсуздук чараларын сактагыла деп сагызгандай сайраган аткаминерлер ал учурда өздөрү бул эрежелерди унутуп коюшкан.
Тактай кетсек, өкмөттүн аппараты экс-премьер Мухаммедкалый Абылгазиев премьердик ыйгарым укуктарды кабминдин жаңы башчысы Кубатбек Бороновго өткөрүп берип жаткан видео тасманы жарыялаган. Аткаминерлер менен парламенттик фракциянын лидерлери кабминдин аппаратынын кызматкерлеринин дүркүрөгөн кол чабууларынын коштоосунда басышып, андан соң өкмөттүн аппаратынын имаратынын алдына чогуу сүрөткө түшүү үчүн чыгышкан. Мына ошол сүрөт кыргызстандыктардын кыжырын кайнаткан. Бет кап жок, ортодогу аралык сакталган эмес, чоңдор бири-бирине кыналып, катарга турушкан. Ал эми Абылгазиев менен Боронов таптакыр эле социалдык аралык дегенди унутушуп, кучакташып турушкан.
Соцтармактын колдонуучулары ошондой эле өкмөттө иштеген адамдардын санына дагы көңүл бурушкан.
«Бизде аткаминерлер салык төлөөчүлөрдөн көп турбайбы. Эмнеге биз алардын бардыгын багышыбыз керек?» - деп баш чайкашкан кыргызстандыктар.
Фото www