Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Айып пул салынсын». Сооронбай Жээнбековду өкмөттүн топтошуп түшкөн сүрөтү ачуулантты

Президент жетекчилеринин буйругу менен чыккан кабминдин катардагы кызматкерлерине мындай чара колдонулбашы керектигин кошумчалады

«Жарандарыбызды жоопкерчиликке чакырам. Айрым жарандарыбыз чындыкка дал келбеген маалыматтарды таркатып, медиктердин күнү-түнү кылган эмгегин жокко чыгарып жатат», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июнда, чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

«Бул илдет жок, бул — ойдон чыгарылган саясат дегендер да жок эмес. Дарыгерлерибиз, кары-картаңдарыбыз каза болууда. Бүгүн дүйнө жүзү бул илдет менен күрөшүп жатат. Ошондуктан дүйнөлүк пандемияга айланды. Мамлекет башчысы катары — ар бир мекендешимди толук жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана өздөрү менен жакындарына кам көрүүгө чакырам», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент «бул илдеттин артынан бийлик акча кылууда, бул илдет жок» деген жоопкерчиликсиз билдирүүлөр бул оорунун бар экендигинен күмөн саноого түрткү болуп жатканын белгиледи. «Буга кошумча, Өкмөт мүчөлөрү топтошуп, социалдык дистанцияны сактабай, бет капсыз сүрөткө түшүштү. Бул сүрөт бүт өлкөгө тарады. Мындай нерселер аракеттерибиздин баарын жокко чыгарат», — деп Мамлекет башчысы өкүнүү менен белгилеп, медиктердин талаптарын бузгандарга айып пул салууну талап кылды.

«Бул чаралар Өкмөт Аппаратынын катардагы кызматкерлерине карата колдонулбашы керек. Алар, менимче, башчыларынын буйругу боюнча чыгышкан. Баарыңар айып пул төлөшүңөр керек», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынына катышкан Өкмөт мүчөлөрүнө кайрылып жатып.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх