Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандыктар «Маалыматты манипуляциялоо» мыйзамына каршы петицияга кол топтошууда

Парламенттик комитеттин профилдик комитети чырлуу документти үч окууда карап чыкты

Кыргызстандыктар «Маалыматты манипуляциялоо» мыйзамына каршы петицияга кол топтошууда.

Петициянын авторлору мыйзам жарандардын сөз эркиндиги укугун чектейт деп кабатырланып, документтин кабыл алынуусуна жол бербөөгө чакырышууда.

Муну менен бирге депутат Дастан Бекешев соцтармактарда парламенттин профилдик комитети аталган мыйзам долбоорун үч окууда карап чыкканын жазды.

«Мен кесиптешимден (Гүлшат Асылбаевадан - ред.) мамлекеттик орган кантип маалыматтын чын-жалганын текшерерин сурадым. Жөнөкөй эле бул суроомо жөндүү жооп ала алган жокмун. Анын ордуна Асылбаева фейк-аккаунттар менен күрөшүш керек деди. Мен мисал келтирдим: бизнесмен пресс-конференция өткөрүп, прокуратурадагы коррупция фактысына арызданат, ал эми прокуратура Асылбаеванын мыйзамынын жардамы менен пресс-конференциядагы публикацияларды Маданият министрлиги аркылуу үчүрүп салат. Мыйзам долбоору коррупционерлерге жардам берип, бардык жөнөкөй адамдарга зыянын тийгизет. А фейк-аккаунттар болсо мурда кандай ачылса, эми деле ачыла берет». - деп өз пикири менен бөлүштү эл өкүлү.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg медиаэксперттер менен юристтер Гүлшат Асылбаеванын интернеттеги маалыматты көзөмөлдөө боюнча мыйзам долбоорун сынга алышканын жазган эле.
Өз кезегинде Асылбаева өзү анын мыйзам долбоору жаңылыктар менен күрөшүүгө багытталбаганын, коомчулук менен маалыматтык чөлкөмдүн ортосундагы ишенимди калыбына келтирүүнү көздөөрүн айтып берген. Бирок, буга карабай биринчи окууда мыйзамга каршы 4 гана депутат добуш берген.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх