Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мэриянын аппарат башчысы: Абал өзгөрбөсө Бишкекти жок дегенде бир жумага жабыш керек

Балбак Түлөбаев мындай сценарий талкууланып жатканын белгиледи

Эгерде Бишкекте июлдун жарымына чейин коронавирус жуктургандардын саны азайбаса шаарды жабууга туура келет. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына Бишкек мэриясынын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди.

- Илдетке чалдыккандардын саны күндөн күнгө көбөйүп жатканын көрүүдөбүз, - деди ал. - Маалыматтар биз COVID-19дун жогорку чегине эми гана жакындап калганыбызды айтууда. 10-июлдан кийин азайыш керек. Болбосо шаарды таптакыр жаап салуу керек болот. Жок дегенде бир жумага. Ошондо абал кичине жакшырат.

Муну менен бирге Балбак Зарлыкович бул анын жеке гана пикири экенин баса белгиледи.

- Бирок, мэрияда бул маселе талкууланып жатат, - деп кошумчалады ал.

Вероника Малышева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз

Комментарии  

# Тороназар 23.06.2020 14:11
Эн туура чечим болот.А то адамдардын кенебестиги тубуно жеткени калды.Ушинтип билинбей журуп бир куну 1000ден чыгып баштаса оорулуулар врачка очереди жетпей коридордо оло баштайт.Анда ото кеч болот да башынды ташка урсан да кайра калыбына келтире албайсын.Ото строго коюш керек талапты.Талап начар болуп откондо посттогуларын акчага иштеп жатышпадыбы.Андай карантиндин кимге кереги бар бекер эле элди кыйнап.Элдин кыжыры кайнап аран эле чыдады карантин буткончо.Конечно кулак укса-курсак кайнайт а козун коруп турсачы...
Ответить | Ответить с цитатой | Цитировать
Ой-пикир кошуңуз


Наверх