Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы коронавируска чалдыккан Азиз Суракматовдун абалы боюнча үн катты

Муниципалитеттин аппарат жетекчиси борбор калаа башчысында оорунун бир гана белгиси байкалып жатканын айтып берди

Бишкек мэри Азиз Суракматов учурда өзүн жакшы сезип жатат, ал үйүндө дарыланууда. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына борбор калаанын муниципалитетинин аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев айтып берди.

- Азиз Эмилбекович менен бүгүн сүйлөштүм, абалы жакшы, маанайы да көтөрүңкү, - деп белгиледи ал. - Болгону мурду бүтүп жатыптыр. Үйдө экенине карабай, мэриянын бардык ишин көзөмөлдөп жатат. Азиз Эмильбекович милдеттерин толугу менен аткарып жатат.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg борбор калаанын мэри Азиз Суракматов коронавирус жуктуруп алганын жазган эле. Калаа башчысы үйүндө обочолонууда.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх