Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмазбек Атамбаев 11 жылга эркинен ажыратылды

Мындан сырткары мурдагы президенттин мүлкү менен мамлекеттик сыйлыктарын конфискациялоо өкүмү чыгарылды

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл жана эки айга эркинен ажыратылды. Азиз Батукаевдин иши боюнча Биринчи май райондук сотунун жыйынында төрагалык кылган судья Эмилбек Каипов ушундай өкүм чыгарды.

Муну менен бирге мурдагы өлкө башчысынын II даражадагы Манас ордени, «Данакер» ордени, «Даңк» медалы, энчилүү саттары, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрү конфискацияланат.

Медина Купсулдаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх