Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өкмөт мүчөлөрү бүгүн бет капсыз түшкөн жамааттык сүрөт үчүн айып пулдарды төлөштү

Жалпысынан алар 140 миң сом айып пул төлөшкөнү белгилүү

Өкмөт мүчөлөрү менен аппараттын кызматкерлери экс-премьер Мухаммедкалый Абылгазиевди узатуу учурунда бет капсыз чогуу түшкөн сүрөт үчүн айп пулдарын төлөштү. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына өкмөттүн басма сөз кызматынын жетекчиси Чынгыз Эсенгул уулу билдирди.

Анын айтымында айып пул бүгүн төлөнгөн. Ар бири 5 миң сомдон төлөп, жалпысынан 140 миң сом төлөнгөнү белгилүү.

Эске салсак, 17-майда жаңы премьер-министр Кубатбек Бороновго ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү аземи өтүп, жогорку даражалуу аткаминерлер менен өкмөттүн аппаратынын кызматкерлери социалдык аралыкты сактабай, бет капсыз чогуу сүрөткө түшүшкөн. Көптөгөн соцтармактардын колдонуучулары бул сүрөттү кескин сынга алышкан.

Эки күндөн кийин Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков аткаминерлерге бул сүрөт үчүн айып пул салууну талап кылган. Президент аткаминерлер эпидемиологдордун сунуштарын сактабай, кучакташкан аткаминерлерге ачуусу келип, алар коронавирус менен күрөшүп жаткан дарыгерлердин аракеттерин текке кетирип жатышат деп белгилеген.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх