Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Индира Жолдубаевага 5 млн сом айып пул салынды

Мурдагы башкы прокурор соттун өкүмү боюнча доо арыз менен кайрылмакчы

Биринчи май райондук соту мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеваны Азиз Батукаевдин иши боюнча күнөөлүү деп табылып, 5 млн сом айып пул салынды. Тийиштүү өкүмдү сотто төрагалык кылган судья Эмилбек Каипов чыгарган.

Муну менен бирге башкы көзөмөл органынын мурдагы башчысы мамлекеттик чиндеринен, КРнын эмгек сиңирген юристи наамынан ажыратылат. Жолдубаевага карата кабыл алынган үй камагы күчүндө калат.

Жыйындан кийин Индира Жолдубаева журналисттерге чыгарылган өкүм менен макул эмес экенин айтып, соттун чечими боюнча доо арыз менен кайрыларын билдирди.

ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешсиси Калыбек Качкыналиевге эч жакка чыкпоо тил каты менен сот залынан бошотулду.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх