Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Каныбек Осмоналиевдин жактоочулары: УКМКнын кызматкерлеринин арасында коронавирус жуктургандар көп болушу мүмкүн

Камактагы экс-депутаттын ден-соолугу кескин начарлап кеткени айтылды

УКМКнын СИЗОсунда камакта жаткан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиевдин ден-соолугу кескин начарлап кетти.
Кечээ, 23-июнда Осмоналиевге тез жардам чакырышкан. Жактоочулардын айтымында мурдагы эл өкүлү ден-соолугунун начарлап кеткенин айткан - дене табы көтөрүлүп, башы ооруп, жөтөлө баштаган. Андан сырткары жүрөгү кармап, куса баштаган. Жашы улгайып калган мурдагы депутаттын абалы учурда оор бойдон калууда.

Расмий эмес маалыматтарга караганда, ушундай эле белгилер УКМКнын тергөөчүлөрү менен башка кызматкерлеринен байкалып, алар азыр жумуштарына чыкпай, коронавируска ПЦР-анализдери тапшырып жатышат. COVID-19дун тез жугарын эске алуу менен, УКМКнын СИЗОсунун жана башка кызматкерлеринин жапырт ооруга чалдыгуу мүмкүнчүлүгү бар десе болот.

Көз карандысыз дарыгерлер COVID-19 вирусу жүрөк ооруларын өрчүтөрүн айтышууда. Ал эми Каныбек Осмоналиев бир нече ирет жүрөгүнөн операция болгон. Мындай абал инсультка, инфаркт же башка күтүүсүз кесепеттерге алып келиши толук мүмкүн.

Учурда Каныбек Осмоналиевдин абалы мурдагыдай жогорку дене табы менен оор бойдон калууда. Буга байланыштуу жактоочулар аны тез арада доктурга жаткырып, бардык керектүү анализдерди, анын ичинде COVID-19га дагы алуу керек дешүүдө. Осмоналиевдин жактоочулары менен анын жакындары кезектеги жолу УКМК менен Башкы прокуратуранын жетекчилигинен талаптагыдай медициналык жардамды камсыздап, башкысы мындай жардам көрсөтүү үчүн анын баш коргоо чарасын эркиндигинен ажыратпагыдай кылып өзгөртүүнү суранышат.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх