Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Токон Мамытов: Мен COVID-19 аныкталган эки кызматкер менен байланышта болгом

Учурда акыйкатчы үй карантининде

Акыйкатчынын аппаратынын кызматкерлеринин 90 пайызга жакыны коронавирус аныкталган кесиптештери менен байланышта болушкан. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына акыйкатчы Токон Мамытов бөлүштү.

Анын айтымында бүгүн акыйкатчынын аппаратынын бардык курамы COVID-19га тест тапшырышат. Мамытов буга чейин да тест тапшырып, таза чыккан.

- Кызматкерлердин дээрлик 90 пайызы, мен да баш болуп, коронавирус аныкталган эки кызматкер менен байланышта болгонбуз, - деп белгиледи Мамытов. Эгерде, COVID-19 көп кызматкерден чыга турган болсо, биз үйдөн иштешибиз керек болот.

Эске салсак, кечээ, 23-июнда акыйкатчынын аппаратынын эки кызматкери коронавирустук инфекция жуктуруп алганы белгилүү болгон. Учурда алар үй карантининде.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх