Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Бекешев ЖКнын болочок депутаттарына мыйзам долбоорлору боюнча бармак издери менен добуш берүүнү сунуштады

Парламент мүчөсү учурдагы системаны коопсуз эмес деп эсептейт

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев кийинки чакырылыштын депутаттарына мыйзам долбоорлору боюнча бармак издеринин жардамы менен добуш берүүгө өтүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал парламенттин жыйынын учурунда билдирген.

Анын айтымында учурдагы добуш берүү системасы коопсуз эмес, анткени, бир депутат экинчисинин ордуна добуш берип кое алат.

- Азыркы чип менен система коопсуз эмес, - деди Бекешев. - Ар бир депутат башкасынын чипи бар болсо, анын ордуна добуш берип кое алат. Бармак издердин жардамы менен ар бир парламент мүчөсү өзү үчүн гана добуш бере алмак.

Бекешевдин сунушун кесиптеши Алтынбек Сулайманов колдоду. Ал бармак издердин жарамы менен добуш берүүчү аппараттарды сатып алуу керектигине кошулду.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх