Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбеков Кызыл аянттагы Жеңиш парадына катышуудан баш тартты. Аны менен чогуу барган эки адамдан коронавирус чыкты

КР президенти өз алдынча обочолонууда болобу-жокпу азырынча белгисиз

Президент Сооронбай Жээнбеков Москванын Кызыл аянтында өтүп жаткан Жеңиш парадына катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Анын айтымында президент менен чогуу баргандар коронавируска тест тапшырып, экөөсүнөн COVID-19 аныкталган.

- Алгоритмге ылайык, Кыргыз Республикасынын президенти жана аны менен чогуу баргандар Москвага конгондон кийин коронавируска тест тапшырышкан, - деди Стамалиева. - Эки адамдын анализинен COVID-19 аныкталган. Президент буга байланыштуу Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуудан баш тартты.

Өлкө башчысы Бишкекке учуп келгенден кийин өз алдынча обочолонууда болобу-жокпу азырынча белгисиз.

Эске салсак, бүгүн, 24-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Жеңиш парадына катышуу үчүн Москвага барган.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх