Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президенттин басма сөз катчысы: Сооронбай Жээнбеков Бишкекке келгенден кийин өз алдынча обочолонууга болот го

Толгонай Стамалиева президент менен кошо барып, COVID-19 аныкталгандар Бишкектен анализ тапшырышканын билдирди

Президент Сооронбай Жээнбеков менен чогуу Москвага баргандар коронавируска тестти Бишкектен тапшырышкан. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Анын айтымында, делегациянын бардык мүчөлөрүнүн тести таза чыккан. Ал эми, Москвага конгондон кийин алынган кайра анализ эки адамда коронавирус бар экенин көрсөткөн. Бирок, Стамалиева, делегация мүчөлөрү COVID-19га тестти Бишкектен качан тапшырышканын тактаган жок.

Мындан сырткары, басма сөз катчы Жээнбеков Бишкекке келгенден кийин өз алдынча обочолонорун кошумчалады.

- Өз алдынча обочолонот го баары бир, - деди ал. Бул дарыгерлердин чечимине жараша болот.

Эске салсак, бүгүн, 24-июнда президент Сооронбай Жээнбеков аны менен Москвага чогуу баргандардын ичинен эки адамдан коронавирус аныкталганына байланыштуу Жеңиш парадына катышуудан баш тартканы белгилүү болду.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх