Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК депутаты Рысалиев: Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан үчүн бүгүнкү күндөгү Манас

Парламент мүчөсү мамлекет башчысынан эстеликтерди реконструкция кылууга команда берүүнү суранды

ЖК депутаты Зарылбек Рысалиев президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, андан улуттук эстеликтерди реконструкция кылууга команда берүүнү суранды. Бул тууралуу парламент мүчөсү Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

- Күнүмдүк көйгөйлөр бүгүн болбосо эртең чечилет деп ойлоп отуруп, убакыттын кантип өткөнүп билбей калдык, - деди эл өкүлү. Мен бул жөнүндө 2-3 айдан бери ойлонуп жатам. Бүгүн биздин чакырылыштын акыркы күнү, андыктан, муну айтуу керек го деп чечтим. Мен буга чейин муну премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге да айткан элем. Бирок, унутуп калган го, кыязы. Буга байланыштуу президентке кайрылайын дедим. Сооронбай Шарипович, сизге түз кайрылайын дегем, бирок, сиздин тегерегиңиздегилер сизге бир айдан бери киргизбей жатышат. Бүгүн сиз Кыргызстанга Манастайсыз.

Парламент мүчөсү Манастын кичи мекени Талас экенин эске салды.

«Манас ордодо» ошол бойдон эч кандай өзгөрүү болгон жок, - деп белгиледи Рысалиев. - Манас - бизди бириктирген адам. Эстеликтердин абалы азыр кандай карап көргүлөчү. Бул маселени сиз эле чече алат окшойсуз. Намыс деген болушу керек да. Экинчиден, бизде «Ата Бейит» мемориалы бар, ал жерде биринчи президенттен бери эстеликтер өзгөргөн жок. Биз ал жакка эстелик койдук. Эки кабат үйгө кирсең, ыйлагың келет. Биздин жаркын келечегибиз үчүн күрөшкөн баатырлардын кандай кыялдары болгон? Бардык эстеликтерди эртээрек оңдоого команда берүүңүздү суранам. Ден-соолук сизге!

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх