Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Бекешев: Кимсанов ЖАМКда сабалган жалгыз адам эмес

Парламент мүчөсү жаап жашыруу болбош үчүн тергөөнү башка тергөө органы жүргүзүшү керек деп эсептейт

ЖК депутаты Дастан Бекешев парламенттин жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановдун сабалышы - ЖАМКдагы жалгыз учур эмес деди.

- Бул болгону камерага түшүп калган, - деди ал. - Силерде бул дайыма эле болуп келген да. Мойнуңарга эч албайсыңар. Силердин тергөө эмнени көрсөттү?

ЖАМКнын төрагасынын орун басары Айваз Кадыров бул факты боюнча тергөө уланып жатканын депутатка айтты. Ал кылмыш ишин иликтөөнүн атайын механизми бар экенин белгиледи. Тергөөнү ЖАМК өзү жүргүзөт.

Бекешев жакында эле УКМК да бул факты боюнча тергөө жүргүзөрү айтылганын эске салды.

УКМК башка фактыны аныктаган, - деп жооп берди ЖАМКНын башчысынын орун басары. - Башкы тергөө башкармалыгы сотко чейинки өндүрүштү алып барат. Бул башка мекеме жана башка кызматкерлерге байланыштуу. Кимсановдун ишине тиешеси жок.

Бекешев андан кийин Кимсановдун сабалышы фактысын ЖАМК өзү тергеп жатканы канчалык туура экенине кызыкты.

- Силер СИЗОну өзүңөр көзөмөлдөйсүңөр, - деп эске салды ал. - Өзүңөр өзүңөрдү тергеп жатасыңар. Демек, тергөөнү прокуратура жүргүзүш үчүн КПКны өзгөртүү зарыл. Өзүңөр өзүңөрдү тергесеңер, кантип жаап-жашыруу болбой койсун.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх