Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектик мугалимдерге жакынкы күндөрү бардык төлөмдөрүн толук түрдө берилет

Бул тууралуу борбор калаанын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев билдирди

Мугалимдерге жакынкы күндөрү бардык төлөмдөр, эмгек өргүүсү боюнча жана эмгек маяналар толук түрдө төлөнүп берилет. Бул тууралуу мэрдин милдеттерин убактылуу аткарып жаткан Бишкектин экономика маселелери боюнча биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев маалымдады.

Адатта мугалимдер майда өргүүгө чыга башташчу, бирок, карантинге байланыштуу мугалимдер сырттан эмгектенишүүдө. Мурда өргүү сезону 15-майда башталса, мында июндан башталды.

Июнь үчүн өргүү боюнча төлөмдөр бериле башталды. Биринчи май районунда төлөмдөр толугу менен берилип бүттү, Свердлов районунда өргүү төлөмдөрүнүн 72 пайызы берилди, Октябрь районунда -81 жана Ленин районунда 66 пайыз берилди.

Борбор калаада мектеп окуучуларынм 7 миң 884 мугалим билим берет.

Жалпысынан шаардык бюджеттен билим берүү системасына 4, 5 миллиардга жакын акча бөлүнөт, анын 3, 5 млрд сому мугалимдердин эмгек маянасын төлөөгө жумшалат.

Бишкек мэриясы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх