Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Митингчилер: Сооронбай Шарипович, элдин үнүн угуңуз! (видео)

Тынчтык акциясына чыккандар президенттен маалыматты манипуляциялоо жөнүндө мыйзамга вето коюуну суранышууда

Бишкекте сөз эркиндигин колдоо боюнча митингге чыккандар маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынышын мыйзамсыз деп табуу үчүн кол чогултуп, тийиштүү арызды УКМКга жөнөтүшмөкчү.

- Биз ошондой эле бул мыйзамга вето коюу боюнча президентке кайрылуу даярдадык, - деди митингдин модератору. - Сөз эркиндигин чектөө идеясы өлкө башчысына таандык экенин, ал эми Гүлшат Асылбаева жөн гана аны ишке ашырып жатканын бардыгы айтышууда. Бирок, биз биздин президент мындай кыларына ишенбейбиз Сооронбай Шарипович, элдин үнүн угуп, биздин ишеничибизди актаңыз. Эгерде президент биздин үнүбүздү укпаса, анда ал ким экени түшүнүктүү болот.

Митингчилер Ак үйдүн имаратына келип «Биз кул эмеспиз», «Эркиндик», «Чындык», «Биз эркин мамлекетте жашагыбыз келет» деп кыйкырышууда.

- Депутаттар беш жыл парламентте отуруп эч нерсе кылышпайт да бизге жылмайган бойдон келип, добуштарды сатып алышат, - деп баш чайкашты митингдин уюштуруучулары. - Алданбагыла, өз добуштарыңарды сатпагыла.

Вероника Малышева
Эльдос Казыбеков
Фото Vesti.kg
Видео Vesti.kg

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх