Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбеков эртең Жогорку Кеңештин жыйынына катышат

Президент коронавируска кайрадан тапшырган анализинин жыйынтыктарын алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун коронавирус инфекциясына карата кайрадан тапшырган анализи таза чыкты.

Буга чейин Мамлекет башчысынын Москвадан келе жатканда жана Бишкекке кайтып келгенде тапшырган анализдери да таза чыккан.
Бул күндөрү Президент Сооронбай Жээнбеков байланыштарды азайтуу максатында «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында алыстан иштөөнү улантып жатат.

Эртең, 30-июнда, Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына катышат.
Парламенттин жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрү ант беришет.
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Өкмөт мүчөлөрү Мамлекет башчысынын катышуусунда ант беришет.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх