Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Темирлан Султанбеков президенттик аппаратты фейк таратууда деп айыптады

Саясатчы Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путиндин телефон аркылуу сүйлөшкөн сөздөрүнүн стенограммасы жарыяланбаса сотко кайрыларын билдирди

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы президент Сооронбай Жээнбеков менен Россиянын президенти Владимир Путиндин телефон аркылуу сүйлөшкөн сөздөрүн бурмалап, туура эмес маалымат беришүүдө. Мындай божомолун «Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбаев билдирди.

«Эгерде президент Сооронбай Жээнбеков маалыматты манипуляциялоо мыйзамына кол койсо, анда Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөн маалда Россия президенти Жээнбековдун парадга катышпай калганы боюнча өкүнүчүн билдиргени тууралуу фейк маалыматтары үчүн КРнын президенттик аппаратынын үстүнөн Маданият министрлиги менен сотко кайрылам, - деп жазган ал Фейсбуктагы баракчасына. - Белгилей кетейин, мен кечээ да Кремль менен Ак үйдүн релиздеринде дал келишпестиктер бар экенин жазгам, башка көптөгөн кыргызстандыктар сыяктуу эле мен биздин бийликке ишенбейм. Толук стенограмманы чыгаргыла же жоопкерчиликке тартылгыла деп талап кылалык».
2020-жылдын 27-июнунда эле ал өлкө башчыларынын өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүндө айырмачылык бар экенине көңүл бурган.
«Кыргызстандын президенттик аппаратынын маалыматына ылайык, Россиянын президенти Владимир Путин Сооронбай Жээнбековго Москвага келгени үчүн ыраазычылыгын билдирип, Жеңиш парадына катышпай калганы боюнча өкүнүчүн билдирген, - деп жазган Султанбеков. – КРнын президенттик аппаратынын маалыматы боюнча бул сүйлөшүүнүн эч кандай пайдасы болгон эмес, анда болгону кыргыз президентинин парадда катышпай калганы эле талкууланган. Башкача айтканда, Кыргызстан Путинден парадда катышпай калганына өкүнүчүн билдирип коюусун жалбарып суранып алышкан».
Ал эми маалыматтык саясат бөлүмүндө сүйлөшүү кыргыз тараптын демилгеси боюнча ишке ашырылганы боюнча үн катышкан эмес. Ал эле эмес, Кремлдин релизинде эч кандай өкүнүч боюнча сөз да жок, деп баса белгилеген Султанбеков.

Белгилей кетсек, Кремлдин сайтында эки президенттин сүйлөшүүсү тууралуу төмөнкүдөй маалымат жазылган:
“Кыргыз тараптын демилгеси менен Владимир Путин менен КРнын президенти Сооронбай Жээнбековдун ортосунда телефондук сүйлөшүү жүрдү. Күн тартибиндеги бир катар орчундуу маселелер талкууланды. Ар кандай тармактагы орус-кыргыз кызматташтыгын,анын ичинде коронавирус пандемиясына каршы күрөштү улантуу боюнча эки тараптуу чечкиндүү максаттар ырасталды.
Владимир Путин Сооронбай Жээнбековго Улуу Ата Мекендик согуштагы жеништин 75 жылдыгына арналган майрамдык иш чараларга катышуу үчун барганына, ошондой эле кыргызстандык аскер кызматкерлеринин Кызыл аянттагы парадка катышкан салымы учун ыраазычылык билдирди.Мындан ары дагы кызматташууга чакырды”.

Темирлан Султанбеков бул президенттик аппараттын басма сөз кызматынын дагы бир калпы экенин билдирген.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх