Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмазбек Атамбаев УКМКнын СИЗОсунан ооруканага  которулду

Мурдагы президенттен эки тараптуу пневмония аныкталганы айтылды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын СИЗОсунан ооруканага которулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады. Белгилүү болгондой мурдагы президент кечээ 29-июнда өзүн начар сезгендиктен, коронавируска анализ алынып таза чыккан. Бирок, дарыгерлер консилиум өткөрүп, Атамбаев эки тараптуу пневмонияга чалдыкканын аныкташып, стационардык дарыланууга которууну чечишкен.

Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, өткөн жумада Атамбаев бир нече жолу жактоочулары жана жакындары менен жолуккан.

Коронавирустун айрым белгилери аныкталган жактоочу Замир Жоошевдин жакын тууганы COVID-19дун белгилери менен Ысык-Ата райондук ооруканасында дарыланып жатканы расмий маалыматта белгиленди.  

Учурда УКМК кадимки режимде иштеп, республикалык штабдын бардык керектүү талаптарын аткарып жатканы айтылды. Ошондой эле УКМКнын СИЗОсунун бардык кызматкерлери коронавируска тест тапшырышып, бардыгынын анализи таза чыккан

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх