Сооронбай Жээнбеков бүгүн ЖК депутаттарынын алдында сөз сүйлөйт
Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июнда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин жыйынына катышат.
Парламенттин жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрү ант беришет.
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Өкмөт мүчөлөрү Мамлекет башчысынын катышуусунда ант беришет.
Парламенттин жыйынында Президент Сооронбай Жээнбековдун сөз сүйлөшү күтүлүүдө.
Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз