Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өкмөттүн айрым мүчөлөрү бүгүн Жогорку Кеңештеги ант берүү аземине катыша албай калышты

Вице-премьер Эркин Асрандиевден коронавирус аныкталган, бир нече министрлер байланышта болгон адамдар катары обочолонуу режимин сакташууда

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым мүчөлөрү ант берүү аземине катыша албайт.

Алардын катарында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бар, анын коронавирус инфекциясына карата тапшырган ПЧР-анализи оңдуу жыйынтыкты көрсөткөн.

Ага карабастан, Эркин Асрандиев ишин обочолонуу режиминде улантууда, оорусу жеңил формада өтүүдө. Ал тийиштүү дарылануудан өтүп жатат жана өзүн жакшы сезип калды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси-министр Таалайбек Темиралиев, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, юстиция министри Марат Жаманкулов жана транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов оорулуулар менен контакттык байланышта болгон жактар катары обочолонуп иш алып барууда.

Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх