Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстанда кайрадан Өзгөчө абал режими киргизилбейт

Муну менен бирге президент той өткөргөндөрдү кыянаттык кылып жатышат деп, өлкө аймагында массалык иш-чаларды өткөрүүгө расмий тыюу салууну сунуштады

Президент Сооронбай Жээнбеков массалык иш-чараларды, той жана куран окутууларды өткөргөн адамдардын аракеттерин кескин сынга алды. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңеште өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземинен кийин сүйлөгөн сөзүндө айтты.

Жээнбеков ошондой эле жаңы өкмөт антикризистик болооруна ишеним артарын билдирди.

- Биз жаңы эле өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн берген антын кабыл алдык, алар ушундай оор абалда өздөрүнө жоопкерчилик алышты. Бүгүн силер Кыргызстандын элине ант бердиңер. Алардын алдында жоопкерчиликтүү болосуңар деп ишенем. Абдан оор мезгилде кызматыңарга келдиңер. Антикризистик өкмөт болоруңарга үмүт артабыз. Силердин сапаттарыңар ушундай мезгилде билинет.

Мамлекет башчы өлкөдө азырынча өзгөчө абал режими киргизилбей турганын, бирок, ар бир жаран коронавирус жуктуруп албаш үчүн бардык керектүү коопсуздук чараларын сакташы керектигин белгиледи.

- Биз карантин киргизип, ооругандар аз болчу, - деп эске салды Жээнбеков. - Бирок, ӨА алып салгандан кийин илдетке чалдыккандардын саны көбөйдү. Бишкекте ооругандар абдан көп. Тилекке каршы, коомдук жайларда санитардык нормалар сакталбай жатат. Кайрадан чоң иш-чаралар өткөрүлүүдө, айрымдар ишенбей, саясат дешүүдө. Бул абдан кооптуу оору экенин эске салгым келет. Кыргызстан эле башынан кечирип жаткан жок. Вирус менен күрөшүүдө эч ким сыртта калбашы керек. Комендатуранын иши токтотулуп, жергиликтүү бийликтерге өткөрүлүп берилген. Чектөөлөр аркылуу оорулуулардын санын азайтса болот, бирок, биз кайрадан ӨА режимин киргизбейбиз. Эгерде, дарыгерлердин бардык сунуштарын толук аткарсак, ооруну жеңебиз. Ооруканаларда кошумча орундар даярдалды.

Президент массалык иш-чараларды өткөргөндөр күнү-түнү иштеп жаткан ак халатчандарга карата чыккынчылар экенин кошумчалады.

- Өкмөт мүчөлөрү менен жөнөкөй жарандардын жоопкерчилиги азыр бирдей мааниге ээ, - деп баса белгиледи ал. - Кээ бир мекендештерибиз тойлорду өткөрүшүүдө - бул жоопкерчиликсиздик. Бул күнү-түнү иштеп жаткан дарыгерлерге карата кыянаттык. Тойлорго барып ооруп калгандардын саны көбөйүүдө. Өкмөт расмий түрдө массалык иш-чараларга тыюу салууну карап чыгышы керек.


Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх