Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жээнбеков: Шайлоого аттанган бир дагы партияга колдоо көрсөтпөйм

Президент келе жаткан шайлоодо бардык партияларга бирдей шарттар түзүлөрүн ишенимдүү билдирди

Президент Сооронбай Жээнбеков келе жаткан парламенттик шайлоодо бардык саясий партияларга бирдей шарттарды камсыздап берүүгө сөз берди.

Өлкө башчы бийлик шайлоо процессине мыкты деңгээлде даярданганын белгиледи.

- Тийиштүү мыйзамдар кабыл алынып, алар күчүнө кирди, - деди ал. - Биз добуш берүү жана добуш саноодо эле акыйкаттыкты камсыздоого эмес, шайлоонун бардык этаптарында ачыктыкка умтулуп жатабыз. Депутаттар шайлоо мыйзамдарын бузуу үчүн жоопкерчиликтин механизмдерин киргизген, ошондой эле административдик ресурстун колдонулушуна жол бербеген мыйзамдарды кабыл алышты. Бул мыйзамдар келе жаткан шайлоо кампаниясынын сапатын жогорулатууга чоң кадам болуп саналат. Бардык партияларга бирдей шарттар түзүлөт.

Жээнбеков ошондой эле бир дагы партияга колдоо көрсөтпөсүн ишенимдүү айттыт.

- Тигил же бул партия президенттин колдоосуна ээ экен деген сөздөр жүрүүдө. Ал партияларга белгилүү бир сандагы мандаттар да берилет имиш, - деди президент. Мен тигил же бул партиянын эмес, бүтүндөй элдин кызыкчылыктарына кызмат кылуу үчүн шайлангам. Адам катары кимдир-бирөөлөр менен өз ара мамилелерим болушу мүмүн, бирок, президент катары эч кимдин алдында моралдык да, материалдык да милдеттенмелерим жок. Менин тирегим - менин элим. Мен айрым партияга эмес, өзүмдүн элиме таянам. Жараткан менен элиме ишенем. Бул мага ички эркиндикти берет.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх